"Бишкек парк" жолуна асфальт төшөө иштери аба ырайы жылыганда башталат

"Бишкек парк" жолуна асфальт төшөө иштери аба ырайы жылыганда башталат, деп кечээ, 2-апрелде, "ВБ"га, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Канчоро Ажекбаров билдирди.

Эскерте кетсек, "ВБ"нын "Элдик кабарлар" рубрикасынын окурмандары, Киев көчөсүндөгү "Бишкек парктын" жанында жолдун үстүңкү катмары оюлуп калганын билдиришкен. Маалыматка караганда, мэрия жолго асфальт төшөбөй, брусчатка коюп койгон. "Ал жердеги иш кыш мезгилинде башталган. Азырынча мен ал жолго асфальт төшөй албайм. Убактылуу брусчатка койгонбуз. Аба ырайы жакшы болсо асфальт төшөйбүз", - деди Ажекбаров.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД