"Бишкек паркта" колдонулуп жаткан муздаткычтар зыяндуу

"Бишкек парктын" жанындагы үйдө жашаган Үй ээлеринин шериктештигинин мүчөсү Рыспек Байзаковдун айтымында, комплексте колдонулуп жаткан муздаткычтарды киши жашаган үйлөрдүн жанында колдонууга болбойт. Себеби, бул өндүрүштүк техника аммиак менен фреондун негизинде иштейт. Бул эки зат тең адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет (алардын курмындагы фосген газы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда уулантуучу газ, аскерий ок-дары катары колдонулуп келген. - vb.kg)Ошондой эле Байзаков, курулушчулардын "кызыл чийиндин" үстүнөн чыгып, курулуш нормаларын бузгандыгына да нааразы.

Шаардын топографиялык картасында жер алдынан өткөн коммуникациялардын схемасынын ар бир квадрат метри белгиленген. Курулуш иштерин жүргүзүп жатып, жогорудагы нормаларды сактоо зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД