Мамлекеттик чек араны чабандар кайтарып жатышат

Кыргыз-кытай чек арага жакын жерде жайгашкан айылдардын тургундары анын каралбай калганына кооптонушат. Бул тууралуу кечээ, 2-апрелде, Нарын облусу боюнча пресс-тур учурунда Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Абылгазиев маалымдады.

Анын айтымында, мамлекеттик чек аралар "мышык ыйлаарлык абалда". "Чек араны кайтарган солдаттар абдан аз, тосоттордун көпчүлүгү жөн эле бош жатат, көпчүлүк учурда жергиликтүү тургундар чек араны өздөрү кайтарып калышты", - дейт Абылгазиев.

"СССР учурунда эле тургузулган зым-тосмолор эчак эле талкаланган. Чек арага жакын жерде малдарын жайган чабандар, ага көзөмөл салып, тосмолордун мамлекеттин ичине көздөй жылдырылбашын карап турушат", - деп айыл башчысы кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД