Театрлардын жаңы постановкаларына миллион сом бөлүнөт

"Кыргызстандагы Райдер ассошиейтс лимитед" уюму Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызмат жана Маданият жана маалымат министрлиги театрларды колдоо максатында 1 миллион сом которуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу мадминистрлигинин басмасөз кызматы билдирет.

Министрлик багыттуу түрдө жаңы постановкалар жана спектаклдар үчүн республиканын театрларына акча которуп турат. Каржыны көзөмөлдөө кызматы каражаттын максаттуу колдонулушуна көз салып турат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин айтымында, "бул театралдык искусствонун өнүгүшүнө түрткү болуп, маданият кызматкерлерин изденүүгө жана чыгармачыл идеяларын орундатууга үндөйт".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД