Турциянын премьер-министри Атамбаев, Сатыбалдиев жана Жээнбеков менен жолугат

10-апрелде Түркия өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайип Эрдоган президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде, ТИМдин Батыш өлкөлөр департаментинин директору Данияр Мукашев билдирди.

Эске салсак, 9-апрелде Эрдоган расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

Департаменттин директорунун айтымында, жолугуу учурунда бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Макулдашуулар негизинен айыл чарба, суу чарбасы, туризм, саламаттыкты сактоо жана авиацияга тиешелүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД