ТИМдин статс-катчысын сынга алышты

"Прогресс" коомдук фондунун төрагасы Адил Турдукулов, ТИМдин статс-катчысы Асеин Исаевдин парламенттик жыйын учурунда визасыз режим киргизилгенден бери мамлекет 5 млн доллар жоготуп жатат деген сөзүн сынга алып, өзүнүн көз карашын билдирди.

"Статс-катчы бул суммага коррупциялык чыгымдарды да кошуп жатат. Чет жердеги элчиликтерде кыргыз визаларын алуу коррупциялык схемалар менен коштолот. Бул каражат мамлекеттин бюджетине түшпөстөн, элчилик миссиялардын жетекчилерине жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сол чөнтөгүнө кетчү", - деди Турдукулов.

Кыргыз туризм ассоциациясынын маалыматына ылайык, визасыз режим киргизилгенден бери туристтердин саны 66% өскөн.

"Бул Кыргызстандын демократиялык өлкө катары түзгөн позитивдүү имидж. Өзгөчө 2010-жылдагы 7-апрель окуяларынан кийин, демократиялуу өлкө экенибизди дүйнө коомчулугуна далилдешибиз керек. ТИМдин статс-катчысы министрлер кабинетинин саясатына каршы чыгып, ТИМ жетекчилеринин жеке кызыкчылыгын гана билдирип жатат", - деди Адил Турдукулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД