Малга "ыңгайлуу бирка" сатып алууну сунуштап жатышат

Бүгүн, 3-апрелде, парламенттик жыйында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Абдымиталип Кочкорбаев мал-жандын идентификациясы үчүн "жарактуу биркаларды" сатып алууну сунуштады.

Жыйында айыл чарбадагы мал-жандын идентификациясы тууралуу мыйзам долбоор каралып жатат.

Кочкорбаевдин айтымында, биркалар ыңгайлуу болушу шарт. "Биркалар чырпык, бутактарга илинбей, көлөмү чакан болгону жакшы. Аларды тендер жолу менен тандаганыбыз оң болот", - деди ал.

"Мал-жанды идентификациялоо мыйзамын биз сөзсүз кабыл алышыбыз керек. Мындай долбоор бизге керек. Эгер анда кандайдыр бир мүчүлүштүктөр бар болсо, бара-бара оңдоп түзөп алабыз", - деп спикер Асылбек Жээнбеков кошумчалады.

Талкулоонун натыйжасында, добуш берүү менен мыйзам долбоор экинчи окууда каралааары белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД