Бекешев алгачкы премьер-министрдин мааракесин майрамдагысы келген жок

"Мамлекеттик бюджеттин эсебинен мааракелерди майрамдоону токтотуу зарыл", - деп бүгүн, 3-апрелде, парламенттик жыйын учурунда "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев айтты.

Жыйын учурунда депутаттар көпчүлүк менен эгемендүү Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун мааракесин белгилөө токтомун колдошту. Бирок бир парламентарий каршы добуш берген.

Бир катар депутаттар мындай көрүнүшкө нааразы болуп, кимдин каршы болгонун айтууну талап кылышты. Микрофонго Дастан Бекешев чыгып, ал каршы добуш бергенин билдирди.

"Мен мааракенин мектептерде ачык сабак өткөрүлүп, белгилөөсүнө каршы эмесмин, бирок каармандарды өтө көкөлөтүүнүн кажети жок. Же болбосо биз биринчи президент, биринчи депутат, 19 мамлекет жетекчисинин да мааракелерин бюджет эсебинен белгилейбизби? Андан көрө бул каржатты билим берүү тармагына салуу зарыл. Исановдун ким экенин биз билебиз, бирок мектеп окуучуларынын кабары жок. Андан көрө өсүп келе жаткан муундун билим деңгээли тууралуу ойлонолу", - деди Бекешев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД