Коррупцияга каршы кызмат геология жана минресурстар боюнча агенттикти текшерет

КР УКМКнын коррупцияга каршы кызматы, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти текшерет. Бул тууралуу кечээ, 3-апрелде, парламенттин отурумунда, аталган мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү каралып жатканда белгилүү болду.

Талкуу маалында "Ар-Намыс" фракциясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова, УКМКнын коррупцияга каршы кызматы "Кутессай майнинг" ЖЧК тарабынан бузулган эрежелер боюнча материалды алганбы деп кызыкты.

Коррупцияга каршы кызматтын башчысы Бектен Сыдыгалиевдин айтымында, премьер-министрдин санкциясы боюнча агенттиктин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ведомство аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына көз карандысыз эксперттер жана коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери кирет.

"Болгон эреже бузууларды ачыкка чыгаруу үчүн иштер жүргүзүлөт. Документтер менен таанышып чыгабыз. Комиссия мамлекеттик агенттик менен биргеликте план түзүп, ишин аткарууда. Бул үчүн 3-4 ай талап кылынат", - деди Сыдыгалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД