Кыргызстандык жеңил атлетика боюнча спортчулар дүйнөлүк чемпионатка даярданышат

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча спортчулары дүйнөлүк чемпионатка даярданышууда. План боюнча күнүмдүк машыгуулар жана бир канча ири турнирлер даярдыктын негизин түзөт. Бул тууралуу "ВБ" га Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков билдирди.

Анын айтымында, 13-апрелде "Спартак" борбордук стадионунда ата мекендик спорт жылдыздарын эскерүүгө арналган республикалык мелдеш өтөт. Ага жаш жана тажрыйбалуу атлеттер катышат.

20-апрелде, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада коло байгенин ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш уюштурулат. Ага борбор Азия республикаларынан өкүлдөр чакырылган.

Май айында ири турнир - Ысык-Көл марафонун өткөрүү пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД