Сел жүрүү коркунучу бар айылдардын тургундары өкмөттөн жардам сурашты

Ак-Талаа районундагы сел жүрүү коркунучу бар айылдардын тургундары 6 жылдан бери Нарын облусунун коопсуз аймактарына көчүп кете албай келет. Бул тууралуу 3-апрелде Ак-Чий айылдык башкармасынын өкүлү Жумабек Окоев билдирди.

Анын айтымына караганда, ӨКМ 2007-жылы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын аймактарында сел жүрүү коркунучу бар деген жыйынтык чыгарган. Мындан улам, жергиликтүү администрация Кара-Көө аймагынан 100 га аянтты отурукташуу үчүн бөлүп берген.

"Бирок, тургундар аталган аймактарга көчүп кете алышпайт. Анткени ал жерде жаңы калктуу пунктту түзүүнүн башкы планы жок. Бул үчүн өкмөт каражат бөлүп бере элек. Жалпысынан 1,2 млн сом керектелет", - деди Окоев.

"Жаңы калктуу пункттун башкы планын даярдоо үчүн өкмөттүн каражат бөлүп берүүсүн суранабыз" деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД