Айыл жергесинде кеңири таралган кылмыштын түрү болуп мал уурулук эсептелет

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, айыл жергесинде кеңири таралган кылмыштын түрү болуп мал уурулук эсептелет. Бул көрсөткүч өткөн жылдын жыйынтыгын эске алуу менен чыгарылган.

Былтыркы жылы 1 800 баш мал уурдалган. Ал эми 2011-жылы бул көрсөткүч 3 миңден ашкан. Уурдалган малдын жалпы баасы 44 млн сомду түзгөн. Анын жарым суммасы (24 млн сом) мыйзамдуу ээлерине кайтарылып берилген.

Укук коргоочулардын айтымында, үй жандыктарын уурдоо көбүнчө Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталат.

2013-жылдын алгачкы 2 айында республикада мал уурдоо боюнча 169 факт катталган. Жалпысынан 618 баш мал уурдаган (Алардын ичинен 127 ири мүйүздүү мал, 369 кичи мүйүздүү мал жана 122 ат). Алардын жарымынан көбү жабыркаган ээлерине кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД