Нарын облусунда алтын кен чыгуучу жайга лицензиянын берүүсүн талап кылышууда

Нарын облусунун тургундары алтын кени чыгуучу жайды иштетүүгө лицензия берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу 3-апрелде, журналисттерге Нарын облусу боюнча өкмөттүн толук ыйгарымдуу өкүлү Канатбек Муратбеков билдирди.

Анын айтымында, облустун эли Бучук аянтындагы Солтон-Сары алтын чыгуучу жайды иштетүүнү өз колдоруна алууну талап кылышууда. Алар лицензия алуу үчүн талапкер болушууда. "Бирок, бул иш үчүн алардын мүмкүнчүлүгү да, каражаты да жок. Ошентсе да тургундар өздөрүнүн пикиринен кайтпай жатышат. Алар аталган жайды иштетүү үчүн инвесторлорду да таба тургандыктарын айтышууда", деди Муратбеков.

Толук ыйгарымдуу өкүлдүн билдиргенине караганда, айрым жарандар жергиликтүү калкты туура эмес багыттап, аларга "кен чыгуучу жайлар элге тиешелүү жана эл гана баардык керектүү кен байлыктарга толук укуктуу кожоюн боло алат" деп маалымат берип жатышат. "Мындай жагдай тургундар арасында, ал тургай инвесторлор менен да түшүнбөстүккө алып келүүдө. Бирок бул туура эмес. Кен чыгуучу жайлар, баалуу металлдардын запасы мамлекетке гана тиешелүү. Биз калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД