"Бишкек парктын" кошуналарынын арыздары приоритеттүү көйгөйлөр тизмегине кирди

"Бишкек парктын" курулушуна байланышкан биздин көйгөйлөрүбүзгө көңүл бурулуп, актуалдуу делген тизмеге киргизишти" деп кечээ, 4- апрелде, "ВБ"га Исанов көчөсүндөгү "Исток 60" өздүк турак жай башкармалыгынын мүчөсү Рыспек Байзаков билдирди.

Анын айтымына караганда, жаңы ири соода борборунун жанында жайгашкан турак үйлөрдүн тургундарынын, шаардык бийликке карата бир канча жолку нааразычылыктары жана жыйынтыксыз аракеттери акыры максатына жетти.

"Биздин айымдар бир аз ээлигип калгандыктан, расмий өкүлдөр менен конструктивдүү сүйлөшүүлөр болбой калды. Анткени, аларга сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Бул түшүнүктүү иш. Биз канчадан бери адилеттүүлүктү талап кылып келсек да, жыйынтыксыз болуп келет. Кечээ бизге маселени көзөмөлгө алабыз деп сөз беришти", - деди Байзаков.

Эске салсак, "Бишкек парктын" айланасындагы турак үйлөрдүн тургундары, "ВБ"ге соода-көңүл ачуучу комплекстин курулушунда бир канча эреже бузуулар болгондугун, алар үчүн кооптуу экендигин билдиришкен болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД