Армения репретинге ишенбейт

Армениянын саламаттыкты сактоо министри Дереник Думанян өзүнүн Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматовага жазган жообунда, "Ротофарм" фирмасы репретин препаратына берген досьеси Армениянын биосимилярларды каттоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги даарылардын экспертизадан өткөрүү илимий борборунун талаптарына жооп бербейт, - деп жазган.

"Сапаты жана активдүүң субстанциянын туруктуулугу тууралуу документтери жасалма. Имонногендигин, фармокинетикасын жана сапатты салыштыруу изилдөөлөрү жок", - деди Думанян.

Эске салсак, Кыргызстанда репретин каттоодон ийгиликтүү өтүп, гемодиализ сеансын алгандан кийин бөйрөгү ооруган бардык бейтаптарга жазылат. Препараттын сапатынан күмөн санаган КММАнын профессору Рысбек Калиевге каршы "Ротофарм" компаниясы арыз жазган. Алар фирманын абройуна шек келтирди деп профессордон миллион сом доолап жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД