Оторбаев: Макулдашууну денонсациялоо – биз үчүн өтө кооптуу сценарий

Бүгүн, 5-апрелде, "Ата-Журт" фракциясынын парламенттик отурумунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев:" Кумтөр боюнча макулдашууну денонсациялоо – бул Кыргызстан үчүн абдан опурталдуу", - деди.

Анын айтымында, Кумтөр маселесин чечүүнүн эки жолу бар. Анын бири - сүйлөшүүлөр аркылуу Кумтөрдү учурдагы салык мыйзамына алып келүү, экинчиси – бул макулдашууну денонсациялоо. Бирок бул биз үчүн эң эле коркунучтуу вариант. Кеништетүүчү жерде 2,5 миң жаран эмгектенет. Кумтөр менен 950дөн ашык компания кызматташат. Эгер биз денонсацияга бара турган болсок бардык кокустуктарды эске алыуубуз зарыл. Centerra Gold Incтин миңден ашуун акционерлдери бар. Денонсация боло турган болсо, акционерлердин баардыгы бизди сотко беришет. Бул эл аралык резонанстык процесс болот, жана биз аларга бардык каражатты компенсация кылуубуз керек болуп калат.

Оторбаев жакынкы арада юридикалык консультанттарды жалдап, алар денонсация боло турган болсо, бардык мүмкүн боло турган кокустуктарды эсептеп чыгышаарын кошумчалай кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД