"Ата-Журт" фракциясы Кумтөр менен макулдашууну денонсациялоого макул

Бүгүн, 5-апрелде, "Ата-Журт" фракциясынын парламенттик отурумунда депутаттар мурунку убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров элдин мыйзам чыгаруу демилгеси катарында сунуштаган Кумтөр боюнча макулдашуунун денонсациялоо мыйзам долбоорун колдошту.

Ошентип атажуртчулар Centerra Gold Inc компаниясы менен Кумтөр боюнча макулдашуунан бир тараптуу баш тартуу мыйзам долбоорун колдошту. Документ палатанын талкулоосуна чыгарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД