Атаханов "2005 жана 2010-жылкы окуялардан сабактар" аттуу жыйынга катышты

5-апрелде вице-премьер-министр Шамил Атаханов "2005-жылкы Аксы окуялары жана 2010-жылкы ынкылаптан сабактар" аттуу илимий-практикалык жыйынга катышты. Иш-чара билим берүү жана илим министрлиги,Улуттук илимдер академиясы жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, КР билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков, Ош окуяларынын себептерин иликтөө боюнча комиссиясынын башчысы, КР илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, окумуштуу коомчулук жана студенттер катышты.

Атахановдун айтымында, ал Ош окуясынын себептерин иликтөө боюнча комиссиянын курамына кирген. "Мен да ошол окуяны иликтегем. Ошол маалдагы президент Роза Отунбаева, аялзатына таандык гана сапаттары менен оор шарттарда тынчтыкты сактап кала алды", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД