Кыргызстандын Орусиядагы элчиси курьердик кызмат менен макулдашууга кол койду

4-апрелде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана "Фрейт Линк" ААК курьердик кызматынын башкы директору Илья Рисина кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Элчиликтен билдиришкендей, макулдашуунун негизинде Москванын жана Орусиянын башка шаарларынан алыс жашап жаткан Кыргызстандын жарандары, керектүү документтерди орусиянын борборуна барып отурбастан толтура алышат. Алар болгону PonyExpress курьердик кызмат кесңесине кайрылуулары керек.

"Мекендештерибиз эми кызмат көрсөтүү үчүн ортомчу жарандар жана фирмалар менен иштешпей койсо болот. Ошондой эле алар убакытты жана каражаттарын үнөмдөй алышат. Жарандар буга чейин Орусиянын аймагындагы Кыргызстандын дипломатиялык мекемелерин издеп таап убакыт коротуп келишкен. Мындан кийин почта аркылуу жиберилген документтерди жоготуп алуу коркунучу дагы болбойт" , деп билдиришти элчиликтен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД