Түнкү рейддин жүрүшүндө милиция жашы жете элек 50 өспүрүмдү кармады

Борбордук милиция кызматкерлери "өспүрүм-түн" аттуу түнкү рейд уюштурушту. Анда өспүрүм балдар көңүл ача турган жайлар, компьютердик клубдар, ири дүкөндөр жана базарлар текшерүүгө алынган. Бул багытта шаар боюнча 12 мобилдүү топ түзүлгөн.

Сутка ичинде милиция кызматкерлери борбордун аймагында жайгашкан түнкү оюн ачуучу 67 мекемени, 4 эс алуу жайын, чатыр жана жер төлөөлөрдү текшеришти. Иш чаранын жүрүшүндө түнкү саат 10дон кийин ата-энесинин уруксааты жок жүргөн өспүрүмдөр кармалган.

Жыйынтыгында ,өспүрүмдөргө карата7 материал даярдалып, балдардын иштери боюнча комиссияга жиберилди. Кармалган балдардын көпчүлүгү алыскы айылдан келип борбор калаада селсаяктык кылып жүргөндүгү аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД