Жол тосуп турган жаш жигитти бычак менен сайып, тоноп кетишкен

Москва районунда 22 жаштагы жигит каракчылык менен кол салуунун курмандыгы болду. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын кызматкерлери билдиришти.

Окуя болгон күнү Петровка айылынын тургуну кечке маал жолдун жээгинде унаа тосуп турган. Анын жанына "Жигули" токтоп, ичинен бейтааныш жаран Нурландын кайда бараарын сураган. Эске салсак, унаанын ичинде айдоочудан башка дагы 3 жүргүнчү болгон.

Тергөө иштери аныктагандай, кол салгандардын биринин колунда бычак, экинчисинин колунда отвертка болгон. Алар 22 жаштагы жаранга бычак сайып, акчасын жана уюлдук телефонун тоноп алышкан. Кансыраган жабырлануучуну жолго таштап, белгисиз тарапка сапар алышкан. Эс учун жоготуп жаткан Нурланды жолдон байкагандар тез жардам чакырышкан.

Милиция кызматкерлери кылмышкерлерди жоголгон телефон аркылуу табышты. Алгач уюлдук телефон иштебей турган. Кийинчерээк иштеп калганын из кубарлар аныкташып, телефондун жаңы кожоюнун табышты. Ал буюмду тааныш баласынан арзан баада сатып алганы да белгилүү болду. Кызматкерлер бир сутка ичинде кылмышкердин дарегин таап кылтыкка илишти. Жабырлануучу болсо кылмышкерди дароо тааныды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД