Чүй ШИИБнын жетекчилиги элдик кошуундарды акчалай сыйлык менен сыйлады

Чүй ШИИБнын жетекчилиги элдик кошуундардын өкүлдөрүн куттуктады. Бул тууралуу милиция ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук милициянын жыйындар залында 30дай жаран чогулган. Алар 2010-жылы апрель окуяларында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдү күзөтүп, коомдук тартипти сактоого жардам беришкен.

"Биз сиздерге абдан ыраазыбыз. Мамлекет үчүн эң жоопкерчиликтүү маалда сыртта калбай жардам бердиңиздер", - деди облустук милициянын полковниги Капар Батырканов.

Коомдук тартипти сактоодо өзгөчө эрдиктери үчүн кошуундун өкүлдөрүнө акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД