Бишкектеги жаңы конуштардын биринен белгисиз киши 2 жаштагы баланы уурдап кеткен. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга "Келечек" жаңы конушунда жашаган 26 жаштагы аял кайрылган. Өткөн дем алыш күнү болжол менен саат 14-00дөр чамасында белгисиз бирөөлөр анын эки жаштагы баласын үйүнөн уурдап кетишкен.
Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери бала уурдоого шектүү деп Жумгал районунун 27 жаштагы тургунун кармашкан.