Алмазбек Атамбаев Мухтар Ауэзовдун уулу менен жолукту

Кечээ, 8-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев "Мухтар Ауэзов фонду" коомдук фондунун президенти Мурат Ауэзовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарларды.

"Мухтар Ауэзов совет мезгилинде кыргыздын "Манас" эпосун сактап калууда эмгеги зор. Кыргыз эли бул жакшылыгын эч качан унутпайт", - деди Атамбаев.

Ошондой эле Бишкекте Мухтар Ауэзов атындагы көчө, мемориалдык такта жана эстелик бар экени белгиленди.

Мурат Ауэзов "Адамдардын жолу" аттуу тасмасынын Кыргызстандагы бет ачарына келген. Тасма дүйнөлүк классик Мухтар Ауэзовдун элесине арналган. Анда Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасынын өзөгү, элдик оозеки чыгармачылыкта улуу чыгарма катары "Манас" эпосунун орду тууралуу айтылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД