"Бишкек парктын" курулуп бүтүшү менен нааразычылыктар да аяктайт

"Бишкек парк" соода комплексинин алгачкы бөлүгүндөгү курулуш иштери аяктап, ал эксплуатацияга берилген. Мындай билдирүүнү бүгүн, 9-апрелде, техникалык маселелелр боюнча директор, техникалык көзөмөлдөө боюнча заказчиктин өкүлү Владимир Павлюнин жасады.

Анын айтымында, курулуш иштери башталганда эле техникалык көзөмөздөө жүргүзүп туруу боюнча келишим түзүлгөн. "Жер тилкесин тандоо ишине мен да катышкам. Бул участокко жөн эле жерден салынып жаткан жери жок. ДПДга (деталдуу пландоо долбоору) ылайык, бул жерге бийик имарат салынмак. Жеке менчик секторундагы жер сатылып алынган. Ал жакта мурда селсаяктардын баш калкалаар жайы жана өтө чоң эмес котлован бар болчу. Менин жеке пикиримде, бул жер абдан туура пайдаланылып жатат", - деп Павлюнин баса белгиледи.

Эске салсак, "Бишкек паркынан" алыс эмес жерде жашаган кошуна үйлөрдүн тургундары имараттын көптөгөн мыйзам жана курулуш нормаларынын бузулушу менен салынып жаткандыгын айтып чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД