Шаардык кеңештин депутаттары дизайнердик уяларды жайгаштырышты

Бүгүн, 9-апрелде, Бишкек шаардык кеңештин бир катар депутаттары, эколог-волонтерлордун жардамы менен бир нече шаардык парктарда чымчык уяларын жасап, илишти. Алгачкы алты уя Эмен сейил багында илинди.

Бул уялар кыргыз дизайнери Татьяна Бирюлина тараптан жасалган. Ал куштар уясын жасоо боюнча эл аралык сынакта биринчиликти алган. Анын эскизи боюнча жасалган уялар Лондон, Москва, Баку жана Вильнюс шаарларында илинет. Бишкек үчүн 1,2 миң долларга жыгачтан 30 уя жасалды. "Жердеш дизайнерибизди колдоо максатында жана куштарга жардам көрсөтүү үчүн бул демилгени көтөрүп чыктык", - деди шаардык кеңештин депутаты Эльвира Сариева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД