Kөпчүлүк коалиция Бабановдун "рейдерчилигин" кийинки жумада карап чыгат

Кечээ,9-апрелде, "Ырыс алды ынтымак" парламенттик көпчүлүк коалиция кеңешинин отурумунда, "Ата Мекен" фракциясынан вице-спикер Асия Сасыкбаева, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан "рейдерчилик жолу менен басып алуучулук" тууралуу маселени карап чыгууну талап кылды.

Анын айтымында, "Кыргызстан" АКБнын акционерлеринен арыз түшүүдө. Алар аталган иш болгону 2 ишкер акционерлерге гана тиешелүү эмес экендигин айтып, майда-чүйдөсүнө чейин иликтөөнү талап кылышууда. "Маселе чоо-жайына чейин талкууланышы зарыл. Палатанын отурумунда болбосо дагы, көпчүлүк коалициянын отурумунда каралышы керек", - деди Сасыкбаева.

"Ар-Намыс" фракциясынын жана көпчүлүк коалициянын лидери Феликс Кулов аталган маселе коалиция кеңешинин кийинки отурумунда күн тартибинде каралат деп сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД