Келдибековду бюджет жана каржы боюнча комитеттин башчылыгынан кетирүү сунушталды

Кечээ, 9-апрелде, парламенттин "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясынын кеңеши, "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Акматбек Келдибековду бюджет жана каржы боюнча комитеттин башчылыгынан алууну чечишти. Анын ордуна ошол эле фракциядан

Марат Султановду сунушташты.

Отурумдун жүрүшүндө, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков: "Келдибековдун бюджет жана каржы боюнча комитетти башкарууга моралдык укугу жок", - деп билдирди. Ал белгилегендей, "Ата-Журтчу" акыркы күндөрү "чектен чыгып" баратат. "Биз бюджет жана каржы боюнча комитеттин башчысын алмаштыруу боюнча маселени көтөрүп жатабыз. Анын ордуна Марат Султановду сунуштайбыз", - деди ал.

"Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Эркинбек Алымбеков кесиптешин колдоп чыкты. "Алар биздин ишибизге аралашып аткандан кийин, биз дагы алардын ишине аралашканга укугубуз бар", - деди Алымбеков. Турсунбековдун сунушун депутаттар колдоп, аталган маселени кийинки жумада пленардык жыйында каралсын деп чечим чыгарышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД