Бүгүн Сокулук, Аламүдүн жана Жайыл райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 10- апрелде, саат 9дан 17ге чейин Сокулук, Аламүдүн жана Жайыл райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, электр зымдарын тартуу, изолятордун кем карчын алмаштыруу, бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштери маалында Бишкек шаарында Токтогул, Гоголь, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Жантөшев, Тыныстанов көчөлөрүндө; Интергельпо, Кумарык, Дмитров, Литвинов, 9 -январь; Репин, Витебская, Ганди, Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн аймактарында; "Көлмө" (Сейил, Дастан) жаңы конушунда; №62, 64 көп кабаттуу үйлөрдө электр жарыгы өчөт.

Сокулук районунда электр энергиясы Ново-Павловка айылынын бир бөлүгүндө (Крупская, Деревенская, Свердлов, "Нурлан" базарынын аймагында) чектелет.

Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында (Совет, Набережная, Горький, Северная, Комсомол, Мичурин, Лермонтов, 9-Май, Чапаев, Жеңиш жана Ленин проспектилеринде), ошондой эле Кара-Балтада (Кожомбердиев, Центральная көчөлөрүндө) электр жарыгы өчүрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД