Кыргызстандык каратисттер дүйнөлүк чемпионата 20 медаль утуп алышты

Кыргызстандык каратисттер Түркияда өткөн дүйнөлүк чемпионата 20 медаль утуп алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. WSKU (World Shotokan Karate Union) каратэ-до боюнча чемпионатта Кыргызстандыктар 2 алтын, 4 күмүш жана 14 коло медаль жеңип алышкан.

Алтын медалды Айбек Ибраимов жана комплекстүү көнүгүү категориясынан Калысбек Касымбеков, Александр Кузнецов жана Артем Пак илип кетишти. Күмүш медалга Никита Кравченко (14-15 жаштар арасында), Раиса Бакыт кызы (16-17 жаштар арасында), Ольга Мальцева (10-11 жаштар арасында) жана 10-11 жаш арасындагы кыздар командасы татыктуу болушту.

Коло медалды Екатерина Руренко, Атай Абдижалил уулу, Айгерим Мырзаканова, Асылбек Кадыров, Никита Долгов, Нурдөөлөт Рысбеков, Калысбек Касымбеков, Александр Кузнецов, Артем Пак жана башкалар багындырышты.

Маалыматка караганда, Стамбул шаарында өткөн чемпионатка 45 өлкөдөн 3 миңге жакын спортчу катышкан. Кыргызстандын атынан 60 каратист келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД