Бишкекте жеке турак үйдө болгон жарылууда эки жаран каза болду

Бишкекте жеке турак үйдүн короосунан катуу жарылуу болуп, жыйынтыгында 2 жаран каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Борбор калаадагы Космическая көчөсүнө бир канча оперативдүү топ келип, эксперттер өз иштерин аткарышты. Окуя болгон аймак курчалып, иликтенүүдө.

Жарылуу абдан күчтүү болгондуктан, аны бир канча квартал алыстыктагы турак жайлардын тургундары да угушкан. Болжолдуу маалыматка караганда, короодо согуш минасы жарылган. Алган жаракаттан улам, европа улутундагы 2 жаш жаран каза болду. Курман болгондордун аты-жөндөрүн шаардык милиция тактоого аракет кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД