Президент Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кечээ, 9-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев Түндүк Ирландия жана Улуу Британиянын Бириккен Падышалыгынын премьер-министри Дэвид Камеронго мурунку премьер-министр Маргарет Тэтчердин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өзүмдүн атыман Түндүк Ирландия жана Улуу Британиянын Бириккен Падышалыгынын элине дүйнөлүк масштабдагы мамлекеттик ишкер, Улуу Британиянын мурунку премьер-министри жана баронесса Маргарет Тэтчердин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп көңүл айтуу катында жазылган.

Өлкө жетекчисинин айтымында, "анын лидерлик сапаты жана чын дилинен элине кызмат кылгандыгы баронесса Тэтчерге дүйнөлүк сый-урмат алып келди".

"Баронесса Тэтчердин айкын элеси биздин жана келечек муундардын эсинде сакталып калат", - деп Атамбаев кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД