Бишкек окуучуларын колонияга экскурсияга алып барышты

Бишкектин ШИИБси жана Свердлов райондук администрациясы жогорку класстын окуучулары үчүн Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу колонияга алып барышты. Бул тууралуу борбордук ШИИБнин басмасөз кызматы кабарлады.

Экскурсия балдар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу иш-чарасынын алкагында уюштурулду.

Ар бир шаардык мектепте өспүрүмдөр иши боюнча бирден инспектор бекитилген. Алар балдар менен коомдогу административдик укуктук мамилелерди көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, баңгичиликтин алдын алышат.

Жыл ичинде мектептерде ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен ачык сабактар өткөрүлүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД