Ошто муниципалдык авторынок пайда болот

Ош шаарынын четинде муниципалдык авторыноктун курулушу башталды. Курулушка Жапалак айылынан, мурда эч качан колдонулбаган саздак жерден 24 га жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу түштүк борбордун вице-мэри Рустам Мирзаматов кабарлады.

Анын айтымында, учурда шаардын так борборунда 12 га аянтты ээлеген жеке менчик авторынок иштеп жатат. "Бизге элден көптөгөн наалаттар айтылат. Себеби, дем алыш күндөрү бул аймакта унаа менен жүрүү мүмкүн эмес", -дейт Мирзаматов. Ошого байланыштуу Оштун чет жакасында муниципалдык авторынок куруу чечими кабыл алынды.

Планга киргизилген инвестициялардын көлөмү 80 млн сомду түзөт. Территориянын даярдалышына былтыр 15 млн, быйыл 10 млн сом бөлүндү. Калган каражат курулуш жүрүп жаткан учурда улам бөлүнүп турат. Башка өтүп бара жаткан унааларга тоскоол болбошу үчүн базардын алдына кенен парковка жайы салынып жатат. Объектини эксплуатацияга ушул эле жылы берүүнү пландап жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД