Түркия "Манас" университетине 289 миллион доллар жумшаган

"Түркия "Манас" Кыргыз-түрк университетине 289 миллион доллар жумшаган", - деп бүгүн, 10-апрелде, парламенттин отурумунда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы сумманын 61 миллиону имараттарды курууга жумшалса, калгандары жатаканага, студенттерге ылайыктуу шарт түзүүгө жана лаборатория менен техникалык камсыздоого сарпталган. "Баш аягы 14 имарат салынган", - деди Садыков.

2011-жылдын 26-апрелинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда "Манас" университетинин мындан аркы ишмердүүлүгү тууралуу келишимге кол коюлган. Ага ылайык, КТУнын ректору түрк тарабынан дайындалат. Буга чейин университетти кыргыз тараптан жетекчи жетектеп келген. "ЖОЖдун камкор кеңешинде ар бир тараптан төрттөн адам болот. Алар негизги маселелерди чечүүгө катышышат", - деп Садыков айтып берди.

Бирок келишимдин шарттары кээ бир депутаттарды нааразы кылды. "Республика" фракциясынан депутат Роза Акназарова ректорлор беш жылда бир алмашышы керек деп сунуштады. Кыргыз тараптан да, түрк тараптан да улам алмашып иштеши керек дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД