Азыркы партияларды эл мародерлор катары кабыл алат

"Биз Кыргызстандагы партиялык курулуш доорунун соңунда жашап жатабыз", - деген пикирин бүгүн, 10-апрелде, "Саясий партиялардын балалык оорусу" аталыштагы тегерек стол учурунда, "Перспектива" аналитикалык консорциумдун жетекчиси Валентин Богатырев билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялар эл тарабынан колдоого алынган эмес. "Партиялар саясий кызматтарды ич ара бөлүшүп жаткан мародерлор үйүрүн элестетет", - деди Богатырев.

"Азыр биз саясий партиялар Кыргызстанда болушу мүмкүнбү деген суроого жооп издеп жатабыз. Менин пикирим боюнча – жок. Себеби, биз өз кезегинде феодализм доорунан дароо эле социализмге өтүп кеткендей, азыр да саясий партиялардын институтунун калыптануу жолун басып өткөн жокпуз. Менин оюм боюнча, коомдук идеялардын фабрикасын куруу зарыл. Эгер ошондой фабрикалар, командалар пайда болбосо, анда биздин саясат жана мамлекет туңгуюкка кептелет. Бул саясий элитанын пайда болуу процесси", - деп Богатырев ишенимдүү айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД