Данияр Тербишалиев депутаттардын айлыгы ачык болуусун талап кылды

Бүгүн, 10-апрелде, парламенттик отурумда КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн айлыгы тууралуу маалымат ачык болуусун талап кылды.

Анын айтымында, депутаттар өз кезегинде "билбестигинен" өз айлыктары тууралуу маалыматты жашыруун кылып алышкан. "Министр менен депутаттардын айлыгы тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу шарт. Бул маалыматтын жашыруун деген тамгасы алынышы керек. Ушуга байланыштуу жаңы токтом иштелип чыкты", - деди Тербишалиев.

"Ата-Мекен" фракциясынан вице-спикер Асия Сасыкбаева бул токтомду добуш берүүгө чыгаруу үчүн залда депутаттардын көпчүлүгү болуусу кажет экенин айтты. Учурда 120 парламентарийлердин ичинен залда 20 гана депутат болгонуна байланыштуу, документке добуш берүү төрт сааттык тыныгуудан кийин кайра коюлмакчы болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД