Эрдоган Токиого түз авиакаттамдарды убада кылды

Эрдоган Бишкектен Токиого түз авиакаттамдарды уюштурат. "ВБ"га КР президентинин пресс-катчысы Кадыр Токтогулов маалымат бергендей, бүгүн, 10-апрелде, Ала-Арча мамрезиденциясында Кыргызстандын саясий жетекчилери менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда, түрк авикомпанияларынын Стамбул - Бишкек - Токио каттамы тууралуу талкуулашты.

Токтогуловдун берген маалыматына ылайык, учурда түрк инвесторлорунун Тянь-Шандагы орто жана кичи ГЭСтердин курулушуна катышуусу тууралуу маселе көтөрүлүп жатат.

"Түрк инвесторлорун Нарын каскадындагы гиганттар кызыктырган жок, алар орто жана кичи ГЭСтерге көбүрөөк кызыгуу артып жаткандай", -деди Токтогулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД