КПСС тибиндеги партиялардын пайда болушун токтотуу керек

"Кыргызстан учурдагы саясий партиялардан айырмаланган башка саясий көз караштын жана өкүлчүлүктүн формаларына өтүүсү зарыл",-деген пикири менен "Перспектива" аналитикалык консорциумдун жетекчиси Валентин Богатырев билдирди.

Анын айтымында, азыркы күндө жаңы саясий технологиялар зарыл. "Мен бир нече жылдан бери саясатчыларга КПСС тибиндеги партияларды жаратуунун эч пайдасы жок экенин айтып келем. Классикалык партиялар, туруктуу мүчөлүк, ашыра салтанаттуу съезддер – бул куру эле акча чачуунун үлгүсү. Бүгүн такыр башка технологиялар иштейт. Ал технологиялар менен таанышуу жана укуктук форматка өткөрүү – бул бизге зарыл болгон модернизациянын бир түрү", - деди Богатырев.

Өлкөдө ушул сыяктуу иш алып баруу үчүн кыйла жакшы креативдик ресурс бар, алар саясий процесске оңой эле конвертация боло алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД