"Ак үйдүн" тосмосундагы презервативдерге укуктук баа берүүсүн талап кылышты

"Республика" партиясынан депутат Урмат Аманбаева бүгүн, 11-апрелде, парламентте ушу күнгө чейин журналисттердин иш-аракетине укуктук баа берилбегенине нааразы. 1-апрелде журналисттер Улукбек Кочкоровдун айткандарына каршылык акциясы катары "Ак үйдүн" тосмосуна презервативдерди илип коюшкан.

"Эмне үчүн журналисттер биздин имараттын тосмосуна презервативдерди илишет? Анан эмне себептен алардын мындай иш-аракеттерине дале укуктук баа бериле элек?", - деп суроо салды.

Эске салсак, Күлкү күнү 1-апрелде, топ журналисттер Кочкоровдун парламенттик жыйындарга мамлекеттик тилди билген гана журналисттерди киргизүү керек деген сөзүнө каршык акциясын өткөрүшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД