Өзбекстандын жараны чек арада кармалды

11-апрелде Аксы РИИБдин кызматкерлери мыйзамсыз чек арадан өткөн Өзбекстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы ИИБнин пресс-кызматы маалымдады.

Белгиленгендей, 10-апрелде күндүзгү саат бирлерде шектелүүчү КРдин мамлекеттик чек арасынан документсиз өткөн.

Аксы РИИБдин иликтөө бөлүмү "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектелген жаран убактылуу камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД