Оштун генпланын иштеп чыгууга 10 млн сом керектелет

Ош шаарынын генералдык планы эки жылдан бери бекитилбей келет. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде, КСДП парламенттик фракциясы менен социал-демократтардын түштүк калаасындагы шаардык кеңешинин депутаттары менен биргеликте өткөрүлгөн жыйында түштүк кеңешинин төрагасы Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Генпланды иштеп чыгууга 8 млн сом бөлүнгөн, бирок ошол жылы болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу план колдоого алынган эмес.

"Мурда сунушталган Генералдык планды бүгүнкү күнгө ылайыктап өзгөртүү зарыл. Себеби, "Ош шарынын статусу" тууралуу долбоордун мыйзамында түштүк калаасынын территориясы кеңейиши керек. Учурда пландын болжолдуу варианты гана бар. Генералдык планды даярдоо үчүн 10 млн сом зарыл", - деди Исаков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД