ӨКМ Барак эксклавына жеткирилген гумжардам тууралуу отчет беришти

10-апрелде Оштон, Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларына азык-түлүк, солярка жана үрөн жеткирилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Барак айылына мамлекеттик материалдык резервден бөлүнгөн эки КамАЗ жана эки бензовоз менен 10 тонна ун, 153 ашкана шаймандары, 306 гигиеналык пакеттер, 1600 кг как, 10 тонна жер семирткич, пахта үрөөнүнөн 1 тонна, жүгөрү уругунан 2 тонна жана 17672 литр бензин жеткирилди.

Эске салсак, Барак эксклавы 2013-жылдын январь айында жабылган бойдон дале ачыла элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД