Бишкекте Камчы Көлбаевдин кишиси кармалды

Бишкекте Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу "ВБ"га 12-апрелде укук коргоо органдарындагы маалымат булактар кабарлады.

Оперлердин айтымында, КР ИИМдин Уюшулган кылмыштуу топ менен күрөшүүнүн башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында, Камчы Көлбаевдин УКТсинин активдүү мүчөсү Таалайбек Ысманов кармалды. Ал укук коргоо органдары тарабынан ири көлөмдөгү көз боемоочулугу үчүн изделүүдө эле.

Учурда Ысманов убактылуу жайга кармалган. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД