Кыргыз киносуна пил тартылды

Акыркы жети-сегиз жылдан бери тартылып келе жаткан кинолор, клиптер жанан реклама роликтери Камчыбек Сарыбаев деген актерсуз тартылбай калгансып сезилет. Ал тартылган тасмаларынын көркүн ачып, эсте калгыс образдарды жаратат. Бирок, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актер бир да жолу баш каармандын ролун аткарган эмес.

Бул адилетсиздикти ырчы, актер жана кино продюссер кесибин жаңыдан аркалап келе жаткан Съездбек Искеналиев, оператор жана режиссер Акжол Бекболотов, акын, жазуучу, сценарист Үсөнбек Дайырбеков менен биргеликте, сөзсүз оңдоо зарыл деп, атайын Камчы Сарыбаевге ылайыктап сценарий даярдашат. Жакында элдин назарына тартуулана турган кино тууралуу продюссер, режиссер жана башкы каарман өздөрү айтып беришти.

Сценарий кантип пайда болду?

С.И. – Камчыга ылайыктап "Карт бойдок" тасмасынын сценарийи жазылып, башынан эле аны бекиткенбиз. Бирок, режиссер Акжол Бекболотов алгач буга каршы болду.

А.Б. – Сценарийди окуганда эле дароо жактырдым, болгону режиссердук көз караш менен карап чыгып, кичине өзгөртүүлөрдү киргиздим. Баш каарманга каршы болгонумдун себеби, чыгармачыл адамдар бир аз жоопкерчиликсизирээк болушат. Ал эми Камчы Сарыбаев чыгармачыл чөйрөдө "пунткуалдуулугу" менен таанымал (күлүп). Бирок ал мени ишендирип, кечикпейм деп сөз берди.

Кинодогу жаңы ролуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

К.С. – Мында мен карт бойдоктун образын жаратам. Кинодо жашы өтүп бара жаткан бойдок мыразалар жана айымдар тууралуу баяндалат. Комедия болгону менен, акыркы кезде бул акуталдуу маселе болуп калды. Карьеранын аркасынан кууп, убакыт өтүп кеткенден кийин турмушка чыга албай, же үйлөнө албай калгандар аз эмес. Мына ошол көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылуу керек? Кимге кайрылуу керек? Качан? Кайда? Кантип? - деген суроолорго жооп издедик. Мынайдча айтканда, даяр "формулалар" бар. Ошентсе да, көпчүлүгүн жеңелер чечет экен деген тыянакка келдик.

Баш каармандын протиби барбы?

С.И. – Анын протиптери көп. Бул чогултулган образ. Кечирээк үйлөнгөн мырзалар, өздөрүнө байланыштуу окуяларды көрө алышат болуш керек деген ойдомун.

Тасмага жалаң дасыккан профессионал актерлерду тандадыңарбы?

А.Б.- Бул менин режиссер катары алгычкы толук метраждуу тасмам болгон соң, тажрыйбалуу актерлор менен иштешкенди туура көрдүм. Чындап айтканымда, бул чөйрөгө жаңыдан аралашып жаткан адамдар менен иштешкенден корктум. Профессионал артисттер басымдуулук кылат. А, баса айта кетчү нерсе. Камчынын жаш кезин тартуу үчүн ага окшош, жашыраак баланы таппай кыйналдык. Кийин бирөөлөр искусство институтунда Алмаз деген бир бала бар деп калышты. Башында көп окшоштура берген жокпуз. Бирок, кийин чачын сарыга боеп, бир аз тармалдатып койгондон кийин, куду эле Камчыкенин өзү болуп калды.

К.С. – Ооба, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Ушунчалык мага окшош ададмды көргөндө, башкача болуп кеттим. Дене түзүлүшү да менин студент болуп жүргөн кезимдей, арык (күлүп). Көзү, кашы...

Кинодо 150 кыздын катышуусу менен тартылган эпизод бар экен?

С.И. – Ооба, ал кадрды тартканыбызга аз эле болду. Күндүн жылыганын күтүп жаттык. Кийинки үйлөнүү тойлордо, келиндин бойдок кыздарга гүл ыргытуу салты калыптанып калбадыбы, ошону тартуу үчүн Акжол, 50гө жакын сулуу кыздар керек деп калды. Биз болсо эффектный кадр болушу үчүн 150 кыз чогулттук. Жаздын жагымдуу жылуу күнүндө, артист көйнөктөрүн кийип келген, гүлдөй сулуу 150 селки, бул күндө эле көрө турган көрүнүш эмес. Кыздарды тартып жатып, оператор менен режиссерубуз өздөрүн жоготуп ийеч жаздады.

А.Б. – Мен операторго топ кыздардын арасына кирип, арасынан жакшынакайраагын тандап, "крупный план" кылып тарт дегем. Бир маалда карасам, аным жалдырап жүрөт, кимди тартаарын билбей. Ага кыйын болуп коюп, - мына моминтип эле тартпайсыңбы! - деп үйрөтө калам деп кыздардын арасына кире калып, мен дайынымды таппай калдым.

С.И. – Кинонун соңунда жаштар кооздолгон үлпөт арабасына түшүп кеткен жери бар. Ошол арабаны пилге сүйрөттүк. Биз акыркы кадрларды тартып жатканда, циркке пилдердин келгенин угуп калып ээлери менен сүйлөштүк. Ошентип, алгачкы жолу кыргыз киносуна пилдер да тартылып калышты.

К.С. - Аларың жаман экен. Такыр баспайт десең. Анан биздин малга окшоп жөн эле көк чөп жей беришпейт экен да. Банан, апельсин, мандарин, шоколад-моколад алып берип жатып, араң тарттык. Кошумчалай кетким келет: Кинону бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу отуруп көрсө болот. Халал тасма.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД