Томск шаарында Кыргызстандык мигранттар тил даярдыгынан өтүшөт

Эмгек мигранттарынын социалдык-маданий жана укуктук адаптация коомдук борборунда, Кыргызстандан келген жарандарга орус тилин үйрөтүү иши башталды. Эске салсак, аталган борбор өткөн жылы Томск шаарында ачылган.

Долбоордун жетекчисинин орун басары Эдуард Зайцев билдиргендей, борбор эң башынан эле мигранттарды комплекстүү түрдө адаптациялоо тапшырмасын максат кылып койгон. Сырттан келгендерге баш мыйзамды, Орусиянын миграция жана эмгек мыйзамдарын, маданий өзгөчөлүктөрүн үйрөтүү жана орус тилин мыкты билүүгө колдоо көрсөтүү - булар негизги максаттардан.

"Келген мигранттар үчүн Томск боюнча экскурция уюштурулат. Алар шаардагы музейлерди, маданият мекемелерин көрө алышат. Лекция окуу үчүн жогорку окуу жайларынан белгилүү адистер тартылган", - деди Зайцев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД