Москва көчөсүндөгү батирден үй ээсинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарындагы Москва көчөсүндө жайгашкан батирден үй ээсинин жансыз денесин куткаруучулар таап чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын кызматкерлери билдиришти.

52 жаштагы үй ээсинин бир канча күндөн бери сыртка чыкпагандыгын байкашкан кошуналары тынчсызданып, аймактык тескөөчүлөргө кайрылышкан. Алар окуя болгон жерге келип, эшикти ачуу чечимин кабыл алышкан. Андан соң куткаруучуларды чакырышкан. Натыйжада бир бөлмөдөн эркек кишинин жансыз денесин табылган.

Маалыматка караганда, үй ээси бир канча сутка мурун каза болгон. Кырсыктын келип чыгуу себеби изилденүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД