Бишкекте жол кырсыгынан бир жаран каза болуп, төрт жаран жаракат алды

Кечээ, 14-апрелде Бишкекте ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу борбордук куткаруучулар билдиришти.

Маалыматка таянсак, болжол менен таңкы саат 3тө, Дэн Сяопин проспектисинен эки унаа сүзүшүп кеткен. Алдын ала алынган маалыматка караганда, окуя болгон жерде бир жаран каза болуп, төрт жаран олуттуу жаракат алышкан. Жабыркагандар тез арада ооруканага жеткирилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД