Уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

КР ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, издөөдө жүргөн 1985-жылы туулган кылмышкер кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, кармалган жаран Октябрь РИИБ тарабынан "Алдамчылык" беренеси боюнча издөөдө жүргөн. Ага унаа транспортторду сатуу жана сатып алууда көз боемочулук кылган деген айып тагылууда.

Кылмышкер Ош облусундагы Ноокат районунун тургуну. Буга чейин тентектик үчүн 2 жолу соттолуп чыккан. Ошондой эле ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү жана сактагандыгы, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралчан кол салгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

2011-жылы ага карата издөө жарыяланган. ИИМдин кызматкерлеринин маалыматына караганда, ал Дубайда жана Орусиянын аймагында жашынып жүргөн.

Учурда кылмышкерди убактылуу кармоочу жайга алып келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД