Сатыбалдиев бир канча райондун акимдерин кызматтан алды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрация башчысы Сейтек Кулубаев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун акими Таласбай уулу Акматбек, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Премьер-министрдин дагы бир жарлыгы менен Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Иличбек Максутов, анын орун басары Айнагүл Молдалиева жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов кызматтан четтетилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД